Марат Казакпаевдин адвокаты судьяга каршы арызданарын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Маркум саясат талдоочу Марат Казакпаевдин адвокаты анын ишин караган судья боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына арызданат. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдиргенин 8-июлда АКИpress маалымат агенттиги жазды.

Жактоочу Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковду жана прокурор Тамара Тилекееваны атап, алар 31-майдагы соңку отурумда Казакпаев өлүм алдында болгондуктан аны үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүчкө көңүл бурбай коюшканын билдирди.

Сот жана прокуратура органдары жактоочунун жогорудагы айткандарына азырынча комментарий берише элек.

Казакпаевге козголгон кылмыш иши ал каза болуп калганына байланыштуу кыскартылганын 30-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

Он күнгө жетпей УКМКнын абагында дагы бир адам каза болгон. Президент бул эки окуяны бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн. (RK)

Дагы караңыз

Түлөбердиев “Манастын” жаңы жетекчиси Самидиновдун иш тажрыйбасы жетиштүү экенин айттыНарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алдыБорис Жонсон бийлигин колдон чыгарды