Путин Орусия Украинада олуттуу эч нерсе баштай да электигин айтты

Владимир Путин.

Орус президенти Владимир Путин Орусия Украинада «али олуттуу эч кандай аракетин баштай элек» деп билдирген чакта орус аскерлери Донбасста көзөмөлүн орнотуу максатында алдыга жылуу үчүн кайрадан абадан көп сокку урганын украин тарап билдирди. Авиа соккулардын бири Харьковдо үч адамдын өмүрүн алып, дагы беш адамды жарадар кылды.

Донецк аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленконун айтымында, Орусиянын аба соккулары Краматорск жана Авдеевка шаарларындагы объекттерди бутага алды.

Луганск облусун толук өзүнө баш ийдирип, Краматорск жана Славянск шаарларында топтолуп турган орус аскерлери азыркы тапта Донецк аймагын аткылоодо.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-июлга караган түнкү кайрылуусунда коргонуу үчүн аскердик жардам канчалык көбүрөөк келсе, согуш ошончолук эрте аяктай турганын баса белгиледи.

24-февралда Украинага кол салган Орусиянын президенти Владимир Путин 7-июлда Мамлекеттик Думанын фракция башчылары менен жолугушууда Орусия жалпысынан алып караганда азырынча олуттуу эч нерсе баштай да электигин айтты. Согуштун айынан миңдеген украиналык жайкын тургун, анын ичинде балдар каза болду, миллиондогон украиналык азыр ар кайсы өлкөлөрдө качкын болуп жүрөт, эки тарап тең миңдеген аскерлеринен айрылды. (RK)

Дагы караңыз

Миңдеген гектар жерди чегиртке каптадыБУУ Кыргызстанды аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырды Каракалпакстан: кандуу калабага ким жооптуу?Муфтият Дооловдун сөзү кадыр-баркка шек келтирбейт деп тапты