Украин күчтөрү бир канча багытта алдыга жылып жатат

Украин армиясы колдонгон HIMARS ракета системасы согуш майданда. Запорожье. 4-июль, 2022-жыл

Донбасс облусунун Славянск жана Бахмут шаарларынын айланасында айыгышкан кармаштар жүрүүдө. Жергиликтүү бийлик элди эвакуацияланууга үндөгөн.

Донецк облусунун администрация башчысы Павел Кириленко Авдеевкада эки киши окко учканын билдирди. Славянск, Красногоровка жана Курахово деген жерлерде 6-июлда бирден карапайым киши мерт кеткени кабарланды.

Украин куралдуу күчтөрү ушу тапта бир нече багытта, анын ичинде Херсон жана Запорожьеде алга жылып жатат. Президент Владимир Зеленский Батыш өнөктөштөрдөн келген артиллериялык жабдуулар майданда өз жемишин бере баштаганын билдирди.

Анын айтымында, украин жоокерлери баскынчылардын маанилүү кампаларына жана башка жайларына олуттуу сокку уруп, алардын чабуул коюу дареметин кыйла алсыратууда.

Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен сүйлөшкөнүн, өнөктөштөрдөн оор курал-жарак алуу жараянын "тездетүү кадамдарын координациялап туруу" жөнүндө макулдашканын 6-июлда Твиттерге жазды.

Дагы караңыз

Кыргызстандык футболчу кыздар CAFA Women’s Championship мелдешине катышатМинистрлер кабинети тышкы карызды башкаруунун жаңы стратегиясын бекиттиКыргызстанда COVID-19га байланыштуу азырынча чектөө киргизилбейт"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси милицияга кайрадан суракка чакырылды Токаев мунай ташуунун Орусияны кыйгап өткөн жолдорун өнүктүрүүнү тапшырды