Садыр Жапаров саламаттыгы боюнча пландык кароодон өттү

Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканадан пландык профилактикалык кароодон өттү.

Бул тууралуу бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Мамлекет башчысынын саламаттыгы жакшы”, - деди Султанбаев.

Бүгүн айрым маалымат каражаттары Садыр Жапаров атайын ооруканада болгонун жазып чыгышкан.

Дагы караңыз

Чек арада жараат алган эки аскер жакында ооруканадан чыгатCOVID-19: Бишкек мэриясы шаарда абал туруктуу экенин билдирдиҮмүт конушунда талашка түшкөн үлүш жерДүйнөлүк рынокто мунайдын баасы арзандады