Мас айдоочулардын жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Депутат Марлен Маматалиев сунуштап жаткан долбоор колдоо тапса, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталды, натыйжада 10 миңдей адам каза болду. Жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот, анын ичинде машинени мас болуп алып айдагандар 7% түзөт.
Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, мас абалында машине айдап эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп көрсөтүлгөн.
Алкоголдун концентрациясынын белгиленген чектен ашкандыгы үчүн айыппул азыр 17,5 миң сомду түзөт, жаңы эреже кирсе 50-80 миң сом болот. (RK)
Дагы караңыз
Коммерциялык банктардын доллардан алган комиссиясы боюнча маалымат берилди "Дордойдогу" өрт: зыян тарткан соодагерлер жардам сурады Бишкек шаардык соту Аспековдун өкүмүн өзгөрттүДоллар тартыштыгынын себеби эмнеде?