Украинада Коммунисттик партияга тыюу салынды

Коммунисттик партиянын борбордук комитетинин кеңсесинин алдындагы демонстрация. Киев, 25-август, 1991-жыл. Иллюстрациляк сүрөт

Львовдун апелляциялык административдик соту шейшембиде Украинанын Коммунисттик партиясынын ишмердигине тыюу салды. Доо арыз менен өлкөнүн Юстиция министрлиги кайрылган. Орусия кол салгандан бери Украинада ушуну менен 15 партияга тыюу салынды. Өлкө эгемендик алган алгачкы жылдары коммунисттер эң кубаттуу саясий күч болуп келген. Төрагасы Петр Симоненко 1999-жылы атүгүл президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыгып, Леонид Кучмага утулуп калган.

Коммунисттик партиянын фракциясы 2014-жылга чейин парламентке кирчү. Ал жылы Майдан жеңгенден кийин партия шайлоодо ийгиликке жете алган эмес. Бир нече мүчөсү Донбасстагы жикчилдерди колдогон.

2015-жылы сот партияга тыюу салганы менен чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек болчу.

Орусия басып киргенден кийин Украинада москвачыл деген бир нече партияга, анын ичинде парламентте фракциялары бар “Оппозициялык блокко”, “Жашоо үчүн оппозициялык платформага” тыюу салынды.

Дагы караңыз

Муфтият имамдын аялзат тууралуу айткандарын териштиретКазакстандын Тенгиз кенинде куур жарылып, эки киши каза таптыСузакта топурак карьерин иштетүүгө каршы митинг өттү ОПЕКтин баш катчысы Мохаммед Баркиндо каза болдуУкраина өсүмдүк майын экспорттой албай калды