Бишкек-Ош автожолунда (Төө-Ашуу) Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде күйүп кеткен электр зымдарын алмаштыруу иштеринен улам 6-июлдан 8-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
5-июлдун кечинде тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп, анын эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп кеткени тууралуу маалымат кечки саат 16:30га чукул түшкөн. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өрттөнүп кеткен Lexus 470 автоунаасында эки адам болгонун, алар аман-эсен коопсуз жайга чыгарылганын билдирген. Маалыматта машиненин өрттөнүп кетишине ага жакында эле орнотулган газ жабдыгы себеп болушу мүмкүн экени айтылган.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннел - Бишкек-Ош жолундагы жана жалпы эле Кыргызстандагы тоо тешкен тоннелдердин эң узуну. Анын узундугу үч чакырымга жакын. Ал деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.
Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын “Самсунг” компаниясы аны реконструкциялаган. (TSh)
Дагы караңыз
БУУ Каракалпакстандагы кан төгүүнү көз карандысыз иликтөөгө чакырдыОрусия Украинанын чыгышындагы чабуулун күчөттү“Манас айылын” жаңылоо сынагына 14 архитектуралык долбоор сунушталды Зордуктоого шектүү милиционерлерди жоопко тартуу талабы коюлган акция өттү