АКШ жана дагы 34 өлкө Орусия менен Беларуска каршы спорт жаатындагы санкцияларды күчөтүү тууралуу билдирүүгө кол койду. Алар эл аралык федерацияларды ал эки өлкөнүн улуттук спорт органдары менен кызматташуусун токтотууну, эл аралык спорт федерацияларындагы чоң кызматтардан орус жана беларус бийлиги менен байланышы бар адамдарды алууну сунуш кылууда.
Андан тышкары эл аралык спорт мелдештерин сөз болгон өлкөлөрдө көрсөтпөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу пункту камтылган.
Билдирүү авторлору орусиялык жана беларус атлеттерине турнирлерге катышуу уруксаты берилсе, алар нейтралдуу желек астында мелдешүүгө тийиш деп эсептешет.
Москва Украинага басып киргенден кийин Эл аралык Олимпиада комитетинин кеңеши менен бир катар эл аралык спорт федерациялары орусиялыктарды жарыштарга катыштырбай калган.
Хоккей, футбол, көркөм муз тебүү, жеңил атлетикадан алар толугу менен четтетилген. Айрым түрлөрдө нейтралдуу макам менен катышып келатышат.
Дагы караңыз
БУУ Каракалпакстандагы кан төгүүнү көз карандысыз иликтөөгө чакырдыОрусия Украинанын чыгышындагы чабуулун күчөттүНазарбаевдердин арааны: жайлоодогу хан сарайлар“Манас айылын” жаңылоо сынагына 14 архитектуралык долбоор сунушталды Зордуктоого шектүү милиционерлерди жоопко тартуу талабы коюлган акция өттү