Жети-Өгүздө чатырын шамал учуруп кеткен мектептин чыгымы эсептелүүдө

Чатырын шамал учуруп кеткен мектеп. 2022-жылдын 5-июлу.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында катуу шамал орто мектептин чатырын учуруп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 5-июлда Д.Иманов атындагы орто мектептин болжол менен 1036 чарчы метрлик шифер чатыры жараксыз абалга келди.

Жерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн үч кызматкер барып, мектептин абалы менен таанышты.

Бүгүн 6-июлда райондук жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымы эсептелип, чатырын жабууга кам көрүлө баштайт.

Мектептин имараты качан курулганы, чатыры шамалга эмне себептен туруштук бере албаганы тууралуу маалымат айтылган жок.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 253 мектеп кооптуу абалда экенин, үч жыл аралыгында алар жаңыланарын өкмөт быйыл 8-июнда билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын чыгышындагы чабуулун күчөттүНарындын башчысы алмашты, Жетим-Тоону иштетүү маселеси көтөрүлдүАкылбек Жапаров милиция кызматкерлеринин жоругу кечиримсиз экенин айтты "Кордолгон балдар көбөйдү". Министрди кызматтан кетирүү талабы жаңырды