Үркүнгө арналган эскерүү жүрүшү өтөт

«Ата-Бейит» комплекси.

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштурганы жатканын 4-июлда жарыялады. Жүрүш август айынын биринчи жумасына пландалууда.

Анын алкагында катышуучулар 1916-жылдагы трагедияга байланышкан тарыхый жерлерди кыдырышат. Чүй өрөөнүнөн башталган эскерүү жүрүшү Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин аралап, Сырт өрөөнүнө, кандуу окуялар болгон, адамдарды атып өлтүрүшкөн, тарыхты баяндаган жазуучулардын китептеринде жазылган жана жергиликтүү тургундар оозеки айтып жүргөн аймактарга барат.

Колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларды эскерүү, 1916-жылдагы трагедиялык окуяларды коомчулуктун эсине салуу максатын көздөгөн акцияга жарандык активисттер, окумуштуулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

Дагы караңыз

Байсаловдун зордукталган секелек тууралуу маалыматка жообу талкуу жараттыУкраинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды Каракалпакстандагы элдик толкундоодо 18 киши каза таптыУлуу Британия Беларуска каршы жаңы санкция жарыялады