Байсаловдун зордукталган секелек тууралуу маалыматка жообу талкуу жаратты

Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун зордукталган 13 жаштагы кыз тууралуу маалыматка социалдык түйүндөрдөгү реакциясы талкуу жаратууда.

Бул окуяны окугандын өзү канчалык сыздатарлык экени жөнүндө 4-июлда Твиттерде бөлүшкөн колдонуучуга ал "муну жазып, сыздоону андан ары жайылтуунун эмне кереги бар?" деген өңүттө жооп калтырган.

Интернет-колдонуучулар Байсаловдун жазганын бөлүшүп, социалдык тармакка жооптуу жетекчинин мындай жообу кечирилгис экенин белгилеп, айрымдар кыз кабылган кордук боюнча бийликтен адекваттуу реакция болушун талап кылууда.

Кызды кордоп жаткан милиционерлерди коргоону ашкерелеген мазмундагы карикатура да жарыяланды.

Байсалов аны сындагандарга азырынча жооп бере элек.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда. (RK)

Дагы караңыз

Каракалпакстандагы элдик толкундоодо 18 киши каза таптыУкраинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды Улуу Британия Беларуска каршы жаңы санкция жарыяладыПутин Украинанын чыгышында чабуулдарды улантууга буйрук берди