Бишкекте жол кирени кымбаттатуу планы азыр жок экени айтылды

Бишкек.

Бишкекте коомдук транспорттун жол киресин жогорулатуу планы азыркы тапта каралып жаткан жок. Бул тууралуу 4-июлда АКИpress маалымат агенттигине курган маегинде борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дифференцияланган (ар башка) тариф киргизүү планы караштырылып, анын жол-жобосу боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Эгер ал кабыл алынса, жүргүнчүлөр жол акысын “Тулпар” картасы менен төлөйт жана накталай акчага караганда электрондук билет менен төлөө арзаныраак болот.

Нусувалиев муниципалдык транспортту тейлөө кымбаттап жатканын белгилеп, төрт жыл мурда Бишкекте 4,5 миң кичи автобус иштеп жаткан болсо, азыр 1,8 миң экенин кошумчалады.

Бишкекте жол кире 2021-жылдын ноябрында жогорулаган. Автобус-троллейбуста 8 сомдон 11 сомго, ал эми маршруттук автобуста жол кире 10 сомдон 15 сомго көбөйгөн. (RK)

Дагы караңыз

Каракалпакстан: 18 киши каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды Украинадан уурдалган эгин тартып бараткан кеме Түркияда кармалды Сот Сооронкулованын сынына жооп бердиИчки иштер министри менен башкы прокурор аймактарды кыдырат