Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы эркек киши табылбай жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, окуя 1-июлда болгон. Издөө иштерин жүргүзүүгө 10 куткаруучу тартылып, убактылуу токтотулган. 4-июль күнү издөө улантылат.
Нарында 29-июндан бери 80 жаштагы карыянын дайыны белгисиз болууда. ӨКМдин маалыматына караганда, ал үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Кийими Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Издөө иштерин жүргүзүүгө 15 куткаруучу, төрт милиционер тартылган. Убактылуу токтотулган издөө аракети бүгүн 4-июлда да улантылат.