Америкалык баскетбол жылдызы Бритни Гринердин соту 1-июлда Москва облусунда башталды. Ал мыйзамсыз маңзат сактап жүргөн деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, тартип коргоочулар төрт ай мурда аэропортто Гринердин баштыгынан кара куурайдын майын табышкан.
WNBAдин оюнчусу, Олимпиаданын эки жолку чемпиону Гринер он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Жабык өткөн сот жараянында Гринердин камактагы мөөнөтү алты айга, 20-декабрга чейин узартылды. АКШнын мамлекеттик департаменти Гринердин кармалышын «мыйзамсыз» деп эсептейт жана анын ишин туткундар боюнча президенттин атайын чабарманына өткөрүп берген.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 1-июлда билдиргендей, «белгилүү спортчу тыюу салынган каражаттарды сактаганы үчүн кармалгандыктан, анын ишинде эч кандай саясий мүдөө жок».
Гринер АКШ Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп улам эскертип жаткан маалда камалган. Орусияда ошондой эле америкалык 50 жаштагы Пол Уилан тыңчылыкка айыпталып, былтыр май айында 16 жылга абакка кесилген.
Ал өз жазасын Орусиядагы шарты катаал деп мүнөздөлгөн, Мордовия аймагында жайгашкан №17 колонияда өтөп жатат.
Дагы караңыз
Түркияда "Немис толкуну" жана "Америка добушу" медиаларынын сайттары блоктолдуТөрөттөн кийин абалы начарлаган келин боюнча экспертиза бүтө элекОрусияда коронавируска байланышкан бардык чектөөлөр алындыТуйгунаалы Абдраимов тергөөчүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыкты