Орусия күчтөрүнүн Одессага урган соккусунан 17 киши көз жумду

Орус армиясынын ракетасы тийген үй. 1-июль, 2022-жыл.

Орусия армиясынын Одесса облусунунун түштүгүндө карапайым тургундар жашаган үйгө жана эс алуу базасына урган соккусунан кеминде 17 киши набыт болду. Бул тууралуу украин бийлиги билдирип, дагы ондогон адам жараат алганын кабарлады.

Маалыматка караганда, куткаруучулар жети кишини урандылардын алдынан аман алып чыгышты.

«1-июлда түнкү саат бирлерде Белгород-Днестр районунда ракеталык аткылоодон улам карапайым тургундар жашаган тогуз кабаттуу үй жарым-жартылай урап калды. Ошондой эле ага жакын жайгашкан дүкөн өрттөнүп кетти", - деп жазылат расмий билдирүүдө. Экинчи ракета эс алуу базасына тийген.

Орусия бул тууралуу комментарий бере элек.

30-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү Змеиный аралын орус баскынчыларынан бошотконун жарыялаган. Орусия бийлиги аралдан "жакшы ниетин көргөзүү үчүн" өздөрү чыгып кеткенин билдиришти.

Өлкө чыгышында орус армиясы Лисичанск шаарын аткылоону улантып жатат.

30-июнда АКШ президенти Жо Байден Мадридде өткөн НАТОнун саммитинен кийин согуш Орусиянын жеңиши менен аяктабасын айтып, "Биз Украинаны канча керек болсо, ошончо колдойбуз", - деп кошумчалады.

Ушул эле күнү Кошмо Штаттар Украинага дагы 800 миллион долларлык кошумча аскердик жардам жөнөтөрүн жарыялады.

Дагы караңыз

Жалал-Абадда тез татымдын тамагына дагы 13 адам ууландыМилиция Temirov LIVE каналынын техникасын кайтарып бердиКөл жээгинде жапырт мушташка себепкер болгон жаран эки айга камалды