Соң-Көлдүн Ак-Там жана Жаман-Эчки аймактарынан ар биринин узундугу 100 метрлик 130 тор чыгарылды.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Учурда “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик мекемеси көлдү тазалоо иштерин улантып жатат.
2008-жылы балык кармоого каршы мораторий жарыяланып, 2017-жылы жоюлган. Бирок Ысык-Көл жана Соң-Көлдө, Орто-Токой суу сактагычында балыктын корун аныктоо жана мониторинг жасоо иштеринин бүтпөй жатканына байланыштуу Балык чарба департаменти балык улоого уруксат бере элек.
Быйыл февраль айында Соң-Көлгө сига-лудога балыгынын 1 млн. 700 миңден ашуун чабагы салынган. Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте Тянь - Шань тоолорунун арасында жайгашкан. (TSh)
Дагы караңыз
Теги кыргызстандык дагы бир аскер Украинада каза болгону кабарландыСириядагы террористтик уюмдарды каржылоого шек саналган жаран кармалдыМилиция: блогер “Массалык башаламандык” беренеси боюнча кармалдыМектепте дин тарыхын окутуунун стандарты иштелип чыктыФейсбуктагы билдирүүсү үчүн 52 жаштагы киши кармалды