Орусия Змеиный аралындагы аскерлерин чыгарып кеткенин билдирди

Змеиный аралы. 2022-жылдын 12-майындагы сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиздеги Змеиный аралынан аскерлерин чыгарып кеткенин 30-июнда жарыялады. Ал жактагы аскердик тапшырма аткарылып бүткөнүн жана гарнизон “жакшы ниетти көргөзүү үчүн” чыгарылганын мекеменин расмий өкүлү Игорь Конашенков айтты.

"Муну менен Орусия БУУнун Украинанын аймагынан айыл чарба продукциясын ташып өтүү үчүн гуманитардык коридор уюштуруу аракеттерине тоскоолдук жаратпай турганын дүйнөлүк коомчулукка көрсөттү", - деди ал.

Украинанын “Түштүк” ыкчам командачылыгы билдиргендей, орус тарап украин аскерлеринин соккуларынан кийин “гарнизондогу калдыктарын шашылыш чогултуп, тез жүрүүчү эки катер менен чыгарып кетти. Азыр аралда өрт жана жарылуулар болуп жатат”.

Одессадан анча алыс эмес жайгашкан бул аралдагы орусиялык техниканы жок кылуу үчүн сокку урулуп жатканын украин тарап бир нече жолу билдирген.

Змеиный аралын орус аскерлери согуш башталган алгачкы күнү, 24-февралда басып алышкан. Украин тараптын маалыматына караганда, 17-июнда Орусия ал жакка аскерлерин жана курал-жарагын жеткирип турган "Василий Бех" кемеси жок кылынган.

Кара деңиздин түндүк-батыш бөлүгүндөгү бул аралга ээлик кылуу Одесса облусундагы жээк аймакка жана Одесса портуна көзөмөл кылууда маанилүү роль ойнойт. (RK)

Дагы караңыз

Аба ырайы: тоо этектеринде күн салкындайтКазакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды"Күйөөм төрт баламды бербей жатат". Жанын кыйгысы келген келиндин окуясыЖапаров Рахмон менен эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулады