Ошто дарыянын жээгинен студент кыздын сөөгү табылды

Ош. Ак-Буура. Архив

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан 30-июнда кабарлашты.

Маалыматка караганда, милициянын ыкчам кызматкерлери маркумдун тек-жайын териштирип, ал Баткен районунун тургуну, Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинин 2-курсунун студенти экенин такташкан. Кыздын сөөгүндө көгала тактар болгон.

Милиция кыздын зомбулукка кабылып-кабылбаганы экспертизанын жыйыныгы менен аныкталарын билдирди.

“Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча атайын экспертиза дайындалды, ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Аткарылган иштер боюнча кийинчерээк кошумча маалымат берилет”, - деп жазылган кабарда.

Маркумдун жакындары азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын 8-февралында да Ош шаарындагы медицина факультетинде окуган студент кыздын сөөгү табылган. Шектүү катары аны менен окуу жайда чогуу окуган жигит кармалган. (JsA\AAb)

Дагы караңыз

Украинанын 144 аскер кызматкери туткундан бошотулдуТөрөттөн кийин майып болуп калган келин боюнча териштирүү улануудаОкуучулардын тамагын 7 сомдон 14 сомго көтөрүү сунушталды