Жогорку Кеңеште Ысык-Көл менен Нарын облусунда жайыттарда, тоолордо эндик казгандар көбөйүп кеткени тууралуу маселе көтөрүлдү.
Депутат Мурадил Сыдыков бул өсүмдүктүн тамырын казгандарга эмес, аны сатып алып жаткандарга чара көрүү керектигин билдирди. Мындай көрүнүш айрыкча ушул жылы күчөгөнүн маалымдады.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков депутаттын суроосуна жооп берип жатып, буга байланыштуу Жайыт комитетине атайын тапшырма берилгенин, кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу жакында маалымат берилерин кабарлады.
Соңку үч жылдан бери аталган эки облуста эндик чөбүнүн тамырын казып, мүшөктөп ташып жаткандар көбөйүүдө. Тоолуктар тамырдан пайда-киреше издегендерге нааразы болуп, жайытты талкалап жатышканын айтып чыгышкан. Экологдор бул чөптү казууга тыюу салуу үчүн Илимдер академиясына кат жолдогон.
"Азаттык" эндиктен пайда издегендер, анын тамырын казууда жаратылышка келтирилген зыян тууралуу сюжет тарткан.
Дагы караңыз
Министр Бекмурзаев вице-спикер инисин жумушка коюуну суранганын айтып чыкты Октябрь соту: соңку чечимдин чоо-жайыЭки аэропортту реконструкциялоо түркиялык компанияга берилетӨкмөт Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолуна инвестор издеп жатат Августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөтЗеленский: Кременчугга атайлап ракета атышкан