Кыргызстандын президентинин мурдагы кеңешчиси Арслан Койчиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары болуп дайындалды.
Койчиев президенттин кеңешчиси кызматына 2021-жылы февраль айында киришкен.
Ал 55 жашта, тарых илимдеринин кандидаты, "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, "Токтогулдун маданий мурасы" коомдук фондунун президенти. "Мисмилдирик", "Бакшы жана Чынгызхан" тарыхый романдарынын автору. "Азаттык", Би-Си-Си медиаларында эмгектенген.
Буга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары болуп жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев иштеп келген. Ал 31-мартта эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалган эле.
Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчү катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Венгрия байкоочу макамына ээ.
2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарындагы саммитте аталган кеңешти мындан ары Түрк тилдүү мамлекеттер уюму деп атоо чечими чыккан. (TSh)
Дагы караңыз
Бишкектеги райондордун аталыштарын өзгөртүү сунушталдыДепутаттын мандатын чакыртып алуунун жол-жобосу сунушталдыПарламентте мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбооруна добуш берүүдө чыр чыктыМадумаров Кемпир-Абад жөнүндө толук маалымат угууну сунуштады