Ысык-Көл жээгиндеги калайман мушташ боюнча 18 адам кармалып, сурак берип жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна билдиришти.
Маалыматка караганда, көл жээгинде калайман мушташ 29-июнда “Радуга” пансионатында орун алган. Алдын ала белгилүү болгондой, окуя пансионаттын коопсуздук кызматкери менен коноктордун ортосундагы пикир келишпестиктен тутанып кеткен.
Чолпон-Ата шаарынан жана Жалал-Абад облусунан барган төрт конок менен пансионатта иштеген 14 жергиликтүү коопсуздук кызматкери кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
“Бул окуяда эч кандай пансионатка же көл жээгине кирүү боюнча маселе жок. Коноктор спирт ичимдигин ичип алып коопсуздук кызматкеринин тартипке чакыруусуна баш ийбей, калайман мушташка айланып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.
Жапырт мушташ тартылган тасма буга чейин социалдык тармактарда тараган. Кармалгандардын жакындары азырынча комментарий бере элек. (JsA)
Дагы караңыз
Орусиянын күчтөрү Лисичанск шаарын курчоого аракет кылуудаБишкектеги райондордун аталыштарын өзгөртүү сунушталдыДепутаттын мандатын чакыртып алуунун жол-жобосу сунушталдыЖаш балдарды уруштурган энелер боюнча териштирүү башталды