Бүгүн 29-июнда Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда казино ачууга каршы акция өтүүдө. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга онго чукул адам катышууда.
Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.
Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес. (BTo/RK)
Дагы караңыз
Салык кызматынын лотереясы алкагында 212 соодагерге айыппул салындыОктябрь окуясы: сот Атамбаев баштаган саясатчыларды актады Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун өлкө ичиндеги баштапкы маршруту белгилендиЗеленский БУУну Кременчугга өкүлдөрүн жөнөтүүгө чакырды