Ысык-Көл облустук соту убактылуу кызматтан алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, Караколдогу тергөө абагында жаткан Мээрим Тилекованы абакта калтырды. Анын бөгөт чарасы 28-июнда каралганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Тилекованын ден соолугу начар экенин айтып, жакындары үй камагына чыгарууну өтүнгөн.
Буга чейин Каракол шаардык соту 15-июнда Тилекованы бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган.
Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган жана ага карата тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.
12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун “Азаттыкка” министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.
13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Министр ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын билдирген.(КЕ)
Дагы караңыз
Бурятияда аялдар күйөөлөрүн согуштан кайтарууну талап кылыштыСот Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган саясатчыларды актадыСот Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баштаган саясатчыларга өкүмдү угузууда“Чоң жети” орус мунайынын баасына чек киргизүүнү сунуштады