"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 28-30-июнда күн ысык болот. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36-38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жетет. Аба ырайы өтө ысык болгон учурда күндөн сактануу эрежелерин кармануу сунушталат.
28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38,
Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 34...39,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градуска жетет.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 27…29° болот. (JsA)
Дагы караңыз
Баткенде медициналык дарылоо жана окуу борборунун курулушу башталдыКазакстан каржы пирамидасын жарнамалоого кылмыш жазасын киргизетТүркиянын элчилиги Чолпонбек Абыкеевдин казино боюнча айтканына жооп кайтарды