Казак парламентинин жогорку палатасы каржы пирамидаларынын ишмердигине байланышкан мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда кабыл алды. Долбоордо андай пирамидаларды түзүү үчүн чараларды күчөтүп, аларды жарнамалагандарга кылмыш жазасын киргизүү каралууда. 15-июнда жобону мажлис жактырган.
Финансылык пирамадаларды жарнамалоо үчүн жаза колдонуу чакырыктары белгилүү вайнерлер Mudarabah Capital деген компанияны рекламалап, анын ээлеринин бири катары киреше алып турганы ачыкка чыккандан кийин күчөдү. Өздөрүн "инвестициялык структура" деп атаган компанияга алдангандар нааразылык акцияларына чыккандан кийин тергөө башталган.
Казакстандын Финансылык мониторинг агенттиги 15-июнда билдиргендей, быйыл 17 миңден ашуун жаран каржы пирамидаларга 27 миллиардга жакын тенге (58 миллион доллардай) салган.
Дагы караңыз
Орусия Кременчугга сокку урулганын моюнга алып, бирок соода борборун аткылаганын тануудаПрокурор Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратууну сурадыБаткенде медициналык дарылоо жана окуу борборунун курулушу башталдыЖК комитети акыйкатчыга нааразылардын арызын кийинки жыйында карайт