27-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча айыпталгандардын баары суралып бүттү. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди.
2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү башаламандык менен аяктап, бийлик алмашкан.
Октябрь окуяларына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.
2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши саясий иш экенин айтып келишет. (BTo)
Дагы караңыз
Мектепке электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталдыПутин Тажикстан менен Түркмөнстанга баратПрезидент Солтон-Сары кенинин маселеси изилдөөдөн кийин чечилерин билдирдиПрезиденттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяландыБритан чалгын кызматы: Орусия Донбасста резервдеги аскерлерин согушка тартышы мүмкүнТашкентте 1,9 тонна баңгизат жок кылындыРайондук сот Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы боюнча жооп берди