Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту азайтуу боюнча жарлыкты жетиштүү аткарбаганы үчүн президент Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров быйыл 24-февралда тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Жарлыкты аткарууну көзөмөлдөө мамлекеттик кызматкерлерге жүктөлгөн.
Жарлык боюнча, адамдар үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана көп акча сарптабай өткөрүшү керек. Ал күчүнө киргенден кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сөөк чыккан үйгө барып түшүндүрүү иштерин кылып жатышат.
2021-жылы Конституция өзгөртүлгөндөн кийин облус жетекчилери президенттин расмий өкүлү деп аталат. Район акимдерин да президент дайындайт. (BTo)
Дагы караңыз
Зеленский "Чоң жетинин" саммитине кайрылуу жасайтТажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолуктуАба ырайы: күн ысык болот Милиция Бишкекте уурдалды делген кызды издеп жататЖРТдан 57 окуучу эң жогорку балл алдыИран "Зулжана" ракета ташуучусун экинчи жолу сынады