Аба ырайы: күн ысык болот

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 27-30-июнда күн ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин жетет.

28-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,

Талас облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 31...36,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 35…37 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 25…27° градус болот. (JsA)

Дагы караңыз

Милиция Бишкекте уурдалды делген кызды издеп жататЖРТдан 57 окуучу эң жогорку балл алдыИран "Зулжана" ракета ташуучусун экинчи жолу сынадыЖорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилине которулдуМасадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча өкүлү менен жолукту