Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл топтоп, алтын сертификат алды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды – 235 балл.
235тен 221ге чейин упай топтогондор Бишкекте 35, Ош облусунда жети, Ысык-Көлдө беш, Чүйдө төрт, Баткенде үч, Нарында эки жана Жалал-Абад облусунда бир окуучу. Бишкектен башка аймактардын эч биринде алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр онго жеткен жок.
Министрлик 24-25-июнда өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн экенин билдирди. Тестирлөөнүн негизги этабы 24-28-майда өткөн.
Быйыл “Алтын Тамга” сынагына катышкан 2232 талапкердин ичинен 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестат алып, алардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ аз болгон. 2022-жылы Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады. (BTo)
Дагы караңыз
Жорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилине которулдуМасадыков Иран президентинин Ооганстан боюнча өкүлү менен жолуктуБУУ: Ооганстандагы жер титирөө 155 баланын өмүрүн алдыБайсалов менчик медициналык мекемелер текшерилерин билдирди Кеңеш Жусупов менен Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙдун сыйлыгы берилдиBloomberg: Орусия тышкы карыз боюнча дефолтко жеткирдиКыргызстан гранттык акчага 40 реанимобиль сатып алууну пландап жатат