Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 31 жаштагы эркек 25 жаштагы аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кызганычтан улам жубайын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салган. Бул факты 23-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө башталган. Жыйынтыгында Киров айылында шектүүнүн үйүнүн короосунан аялдын сөөгү табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (TB)
Дагы караңыз
Тоолуу Бадахшанда интернет калыбына келтирилгени кабарланды Кудук казып жатып үч киши каза болуп, экөө ооруканага түштүОслодо түнкү клубдагы атышуудан эки киши набыт болдуАКШ, Канада, Жапония жана Британия Орусиянын алтынын импорттоону токтототКиев кайрадан ракеталык аткылоого кабылды