Таласта бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кетти

Талас каналы. 2022-жылдын 25-июну.

Талас облусунда бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп кеткенин бүгүн 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 24-июнда милицияга Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Талас каналына 13 жана 14 жаштагы эки кыз чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө-куткаруу иштерине 10 куткаруучу тартылган. Кыздардын биринин сөөгүн жергиликтүү тургундар бүгүн эртең менен табышты. Экинчи кызды издөө уланууда.

24-июнь күнү Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычына 13 жана 11 жаштагы эки бала чөгүп кеткени маалым болгон. Экөөнүн сөөгүн куткаруучулар 25-июнда эртең менен таап, туугандарына өткөрүп беришти.

Дагы караңыз

Ош: Жаңы-Мааледеги жети кишинин өмүрүн кыйган кырсык Темировдун ишинде күбөлөр сурала баштадыПрезидент Жапаров Атамбаевдин абактагы шарты жөнүндө айттыАзия чемпионаты: Мээрим менен Айперинин алтыны