Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратын түрттүрүүгө тендер жарыяланды

Өрттөнгөн имарат сүрөт тартылган тосмо менен жабылып коюлган.

Бишкек шаардык мэриясы Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын түрттүрүү иштерин жүргүзө турган ишкананы тандоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу 25-июнда мэриянын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларына жарыяланган маалыматта айтылды.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы билдирмеге ылайык, бул үчүн муниципалитетте 7,6 млн сом каралууда.

Тендерден тышкары ал жерге заманбап имарат куруу долбооруна сынак да жарыяланары маалымдалды.

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта мурда Башкы прокуратура жайгашчу. 2010-жылдын апрель окуяларында ал жерде өрт чыгып, имарат жараксыз абалга келген жана ошондон бери анын бетин ар кандай жарнамалар менен жаап келишет.

2018-жылы мэрия ошол жерде гүл бакча ачыларын жарыялап, коомчулук шаар бийлигинин бул чечимин кубаттаган. Ага чейин автоунаалар үчүн токтотмо ачуу жөнүндө сунуштар да айтылган.

Ал эми 2020-жылдын ноябрында Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши жана баш калаанын кээ бир муниципалдык кызматтары жайгаша турган жети кабат имарат салынарын ошол кездеги шаар башчы Балбак Түлөбаев билдирген. Бул боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок. (RK)

Дагы караңыз

УКМК: Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннел аныкталды Улуттук банк валюта базарынан 59 миллион доллар сатып алды26-июндун аба ырайыКүрөш (U-23): Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду