26-июндун аба ырайы

Кыргызстан.

26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облуcунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарынан 59 миллион доллар сатып алдыУКМК: Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннел аныкталды Күрөш (U-23): Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болдуМилиция Бишкекте кыз уурдалганы тууралуу маалыматты териштирип жатат