УКМК: Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннел аныкталды

Кадамжайда табылган тоннел.

Баткенде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин алдынан өткөн тоннел табылганын 25-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 24-июнда аткезчиликке каршы ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринде тоннел табылган.

Атайын кызмат билдиргендей, бул тоннелди эл керектөөчү товарларды жана курал, ок-дары, акча, маңзат ташуу, мыйзамсыз миграция үчүн колдонуп келишкен.

Үйдүн ээси Ош облусунун тургуну экени аныкталганы, тоннелдин эни 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, ал эми кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метр экени маалымдалды.

11-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен да аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннел табылганы кабарланган. УКМК 24-майда жана 7-июнда да Кара-Сууда Өзбекстанга өтчү эки жашыруун тоннел табылганын билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Күрөш (U-23): Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болдуМилиция Бишкекте кыз уурдалганы тууралуу маалыматты териштирип жататГрузияда евроинтеграцияны талап кылгандардын акциялары улануудаПольшада украин жумушчуларынын ордуна өзбек мигранттарын тартуу сунушталды