Грузияда өкмөткө каршы нааразылык акциясына 24-июнда он миңдеген адам чыкты. Өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусун талап кылган жана азыркы бийликтин саясатына каршылыгын билдирген демонстранттар борбор калаа Тбилисиде парламенттин алдындагы аянтка чогулуп, өз талаптарын айтып турушту.
21-июнда ушундай эле акцияга 120 миңдей адам чыккан болчу. Алар колуна Грузиянын жана Европа Биримдигинин желектерин кармап, бир катар негизги жолдорду бууп турушкан. Митингчилер Грузиянын биримдикке кошулуусуна негизги тоскоолдук башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвили болуп жатканын айтып, ал өлкөдө жетекчилик кызмат ээлебесе да чечим кабыл алууга таасирин тийгизип келатканын билдиришкен.
23-июнда Евробиримдиктин лидерлери Украина менен Молдовага уюмга талапкер деген макам беришкен. Ал эми ушундай эле арыз менен кайрылган Грузиянын келечеги Украина жана Молдова сыяктуу эле Европада экенин тааныганы менен расмий Тбилиси талапкер деген макамды алышы үчүн бир катар талаптарды аткарышы керектигин белгилешкен. (RK)
Дагы караңыз
Польшада украин жумушчуларынын ордуна өзбек мигранттарын тартуу сунушталдыМилиция Бишкекте кыз уурдалганы тууралуу маалыматты териштирип жататӨКМ: Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылдыБишкектин четинде тыгынды кыйла азайта турган жаңы жол ачылды