Милиция Бишкекте кыз уурдалганы тууралуу маалыматты териштирип жатат

Ала качууга каршы акциялардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте көчөдө кыз уурдалганы тууралуу маалымат текшерилип жатканын 25-июнда “Азаттык” радиосуна Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат. Бишкектин жана Чүйдүн милициясына ыктымал кылмышкерлер тууралуу маалымат берилди.

24-июнга караган түнү Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыз уурдалганы тууралуу видео Интернетке чыккан. Чөнтөк телефонго алысыраак жерден тартылган кыска видеодон кыз “Жардамга” деп кыйкырып, ал эми видеого тартып жаткандар “Аны уурдап кетишти” деп айтып жатышканын көрүүгө болот.

Көчөдө кетип бараткан жеринен уурдалып, кийин талаада өлтүрүлгөн Айзаданын, уурдалып бараткан жеринен куткарылып, бирок милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бурулайдын окуясы Кыргызстанда ала качууну салт эмес, кадимки кылмыш катары кабыл алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо керектиги тууралуу маселени күн тартибине чыгарган.

2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталганын быйыл 5-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирген.

Ала качууга каршы активисттер бийликке талаптарын коюп, бир катар акцияларды уюштурушкан. (RK)

Дагы караңыз

ӨКМ: Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылдыБишкектин четинде тыгынды кыйла азайта турган жаңы жол ачылдыБишкек-Балыкчы темир жол каттамы көчкүнүн айынан убактылуу токтотулдуОшто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, алты адам каза болду (видео)