Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-июнда Сулайман-Тоодо болгон.
Куткаруу кызматынын байланыш номерине тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ билдиргендей, төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты.
Кыз 27 жашта жана ал Төлөйкөн айылынын тургуну экени аныкталган.
Куткаруучулар суицид аракетин жасап жаткан адамды сактап калган жана сактап кала албай калган учурлар буга чейин да катталган. (RK)
Дагы караңыз
Бишкектин четинде тыгынды кыйла азайта турган жаңы жол ачылдыБишкек-Балыкчы темир жол каттамы көчкүнүн айынан убактылуу токтотулдуОшто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, алты адам каза болду (видео)Күрөш (U-23): Айпери Медет кызы мөөнөтүнөн мурда Азия чемпиону болду