Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюндарын уюштурууга жардам берүү ниетин билдирди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркияда өтөт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-июнда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушууда билдирди. Анда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү, кызматташуу маселелери талкууланды.

"Садыр Жапаров күзүндө Түркиянын Изник шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жетканын белгилеп, кыргыз тарап уюштуруучулук маселелерде жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Мустафа Шентоп Кыргызстан менен кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык багытта дагы жакшы ыргакта өнүгүп жатканын белгиледи", -деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Шентоп баштаган делегация Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйынына катышуу үчүн келген.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул жыйында 2023-2028-жылдарга уюмдун стратегиялык жол картасы бекитилет. Андан сырткары социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Азербайжан, Түркия жана Казакстандын парламенттик делегацияларынын сырткары Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышат.

Дагы караңыз

Акыйкатчы: Асанбаев акыркы жолу тергөөчү менен адвокатсыз сүйлөшкөнТүркПАнын жыйыны: 2023-2028-жылдарга жол картасы талкууланатЧолпон-Атада ТүркПАнын кеңешинин жыйыны өтөт