Майлуу-Сууда уран мурастарынын музейи ачылды

Майлуу-Сууда музей ачылды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында уран мурастарынын музейи ачылды. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы кеңсесинен билдиришти.

"Майлуу-Суу шаарынын тарыхы жана Кыргызстандын уран мурасы" музейи ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Майлуу-Суу шаардык мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта түзүлгөн. Музейдин ачылышына еврокомиссиянын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы дирекциясынын өзөктүк коопсуздук секторундагы долбоордун менежери Электра Цигаридас катышты.

Жаңы музей өнөр жай шаарчасынын тарыхын, тоо-кен жана уран калдыктарын сактоочу жайлардын жергиликтүү калктын ден соолугуна жана экосистемаларына тийгизген таасирин көрсөтөт. Анда интерактивдүү тажрыйба камсыз кылынып, ар бир адам тиешелүү тарыхый материалдар, окуялар жана эскерүүлөр менен бөлүшө алат.

Музей Майлуу-Суу өнүктүрүү форумунун алкагында ачылган.

Кыргызстанда жалпысынан 92 жерде уу калдык сактоочу жай бар болсо, анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид бар. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион метр кубду түзөт. 2004-жылы Майлуу-Сууда зыяндуу заттарды коопсуз жакка көчүрүү жана ал жерлерди тазалоо, заманбап технологиялар менен калдыктарды жок кылууга багытталган долбоор ишке кирип, Дүйнөлүк банк 11 миллион доллар бөлгөн.

Мурдагы Советтер Биримдигинде "москвалык камсыздоого" алынган Майлуу-Сууда уран казып алуу иштери 1946-жылы башталып, 1966-жылга чейин созулган. Иштетилген уран жана башка уу калдыктар да ушул мезгил аралыгында көмүлгөн.

АКШдагы Blacksmith Institute экологиялык изилдөө мекемеси 2013-жылдагы иликтөөсүндө Майлуу-Сууну дүйнөдөгү булганган он шаардын катарына кошкон. (КЕ)

Дагы караңыз

Акыйкатчы: Асанбаев акыркы жолу тергөөчү менен адвокатсыз сүйлөшкөнТүркПАнын жыйыны: 2023-2028-жылдарга жол картасы талкууланатКасым-Жомарт Токаев Аскар Акаевди кабыл алды Күрөш: Кыргызстандык үч балбан жаштар арасында Азия чемпиону болдуӨзбекстандан кирген дарбыздардын сапаты текшерилетӨКМ: быйыл селдин чыгымы 174 млн. сомду түздү