Жалал-Абадда жер силкинди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-июнда түнкү саат 2:10до Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында үч балл, Гүмкана, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (КЕ)

Дагы караңыз

Темировдун сотунда жашыруун материал менен таанышууга жарым-жартылай уруксат берилди"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси алмаштыКүрөш: Кыргызстандык үч балбан жаштар арасында Азия чемпиону болдуТүркПАнын жыйыны: 2023-2028-жылдарга жол картасы талкууланат