Бүгүн Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта зер буюмдарын саткан соодагерлер көзөмөл-кассалык аппараттын (ККМ) киргизилишине каршы акцияга чыгат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Өткөн аптада Бишкекте ККМдин киргизилишине нааразы соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына чогулган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппараты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.
Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумушту аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.
Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келет. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.
Дагы караңыз
Чолпон-Атада ТүркПАнын кеңешинин жыйыны өтөт Акыйкатчы: Асанбаев акыркы жолу тергөөчү менен адвокатсыз сүйлөшкөнИшкерликке керектүү уруксат кагаздардын бирдиктүү реестри түзүлдү