Бүгүн Бишкекте ишкерликке керектүү уруксат документтеринин бирдиктүү реестри тууралуу маалымат берилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарларды. Жыйынга тиешелүү министрлик-мекемелерден сырткары эл аралык уюмдардын дагы өкүлдөрү катышат.
Буга чейин аталган министрлик бул реестр ишкерлер жана инвесторлорго бизнес жүргүзүүдө талап кылынган бардык уруксат берүүчү документтер тууралуу маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, ыкчам маалымат алуу максатында түзүлгөнүн билдирген.
Кыргызстанда ишкерлер башкы тоскоолдуктардын бири тиешелүү уруксат кагаздарын убагында чогултуу, андагы бюрократиялык жана коррупциялык жагдайлар жана түйшүк-машакаттын көптүгүн айтып келишкен.
Дагы караңыз
Cот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы шайландыИрандагы нааразылыктарга мунай өндүрүүчүлөр кошулдуСокулукта эки жаштагы наристени сабаган киши беш жылга кесилди