Кыргызстандык беш балбан Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын финалында күрөшөт.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулуп, балбандар айлампа тартибинде күрөшүп жатат. Түшкө чейинки таймаштардын жыйынтыгында кыргызстандыктар: Нурмухуммет Абдуллаев (60 кг), Аманат Самат уулу (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) финалда күрөшмөй болду.
Бексултан Назарбаев финалда түркмөнстандык Тойлы Оразов менен беттешет. Калган кыргызстандык балбандардын финалдагы атаандаштарынын бардыгы өзбекстандыктар. Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.
Ал эми кыргызстандык Эрлан Манатбеков (130 кг) менен Данияр Шеримбековдун (97 кг) коло байге алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. Эртең кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар башталат.
Эки курактагы балбандардын чемпионатына 21 мамлекеттен 600гө жакын спортчу катышууда. 19-июндан 22-июнга чейин 17 жашка чейинкилер арасында таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.
Таймаштар “Бишкек-Арена” музмайданында өтүп жатат.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курамасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш, эки коло байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи. Кыздардын эркин күрөш курама командасы бир алтын, үч коло байге алып сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга жайгашты. Күрөштүн бул түрүнөн Индия курамасы 8 алтын, бир күмүш, бир коло алып, күрөш күйөрмандарын таң калтырды. Ал эми Кыргызстандын эркин күрөш балбандарынын эсебинде бир алтын, бир коло байге бар. (ECh)
Дагы караңыз
Күрөш: Билол Шарип уулу уландар арасында Азия чемпиону болдуКүрөш: Гүлнура Таштанбекова Азия чемпиону болдуБалбандар Темирбеков менен Жанышов Азия чемпиону болуштуКүрөш боюнча Азия чемпионатында (U-17) эки кыргызстандык алтын медал утту