Кара-Балтада башы кесилген аялдын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Балта шаарында башы кесилген аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка караганда, бул тууралуу маалымат 21-июнда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Тартип коргоо органдары башы кесилип, зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн табышкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен катталды.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун тек-жайы аныкталып, ал А.А. аттуу 47 жаштагы аял экени такталган.

Учурда милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу максатында иш алып барууда.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн.

21-июнда Баткен облустук милициясы Кадамжай районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин асынып алганы тууралуу маалымат тараткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Өкмөт "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түздүБолгариянын парламенти өкмөттү таратуу аракетин баштадыОоганстанда жер титирөөдөн каза тапкандар 900дөн аштыПарламентте кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоору каралып жатат  Равшан Жээнбеков УКМК кызматкеринин үстүнөн даттанды