New York Times: Орусия Украинадагы согушта тыюу салынган куралды көп пайдаланды

Украин аскери жарылбай калган кассеталык бомбанын бөлүктөрүн жыйнап жатат.

Орусиянын аскерлери Украинанын шаарларын жана айылдарын эл аралык конвенцияларда тыюу салынган куралдар менен аткылап жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы өзүнүн жаңы иликтөөсүндө жарыялады.

Медианын журналисттери Украинада тартылган миңден ашуун фотосүрөттөрдү изилдеп чыгышкан жана анда 2 миңден ашуун дүрмөттөрдүн түрлөрүн аныкташкан. Алардын көбү турак жайлар жайгашкан кварталдарда пайдаланууга тыюу салынган так эмес куралдан атылган.

330 дүрмөт үйлөргө тийген же анын жанында жарылган. 210 учурда эл аралык конвенциялар чектеген кассеталык бомбалар атылганы такталган. Бул бомбалар айланасындагы жүздөгөн чакырым аянтка чейин залал келтирет.

Мурдараак CNN телеканалы Орусиянын армиясынын генералы Александр Журавлёв февралдын аягында Харьковдо "Смерч" деп аталган кассеталык бомбаларды колдонууга уруксат бергенин тастыктаган. Орус аскерлери Харьковдо кассеталык бомбаларды атканын Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму да маалымдаган.

Эл аралык коомчулук Орусияны мурда Сирияда да кассеталык бомбаларды колдонгону үчүн айыпташкан. Өлкөнүн Коргоо министрлиги муну алгач төгүндөп, кийин, 2019-жылы Сириядагы аскердик аракеттерде атылган куралдардын көргөзмөсүндө кеп болуп жаткан куралды көргөзгөн. Орусия дагы, Украина дагы кассеталык бомбаларга тыюу салган конвенцияларды кабыл алган эмес.

Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү. (ErN)