Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, маалымат берген.
Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, комиссия иш алып барып жатканда кызматтан убактылуу четтебей турганын билдирди:
"Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт", - деди Ташиев. Ал ошондой эле комиссия мүмкүнчүлүк түзүп берүү боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Эртеңден баштап комиссия келет. Биз аларга бүт мүмкүнчүлүк, шарт түзүп беребиз",- деди атайын кызматтын жетекчиси.
44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.
56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.
Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан.
Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү кечке жуук Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп жатат. Ага акыйкатчыдан сырткары Жогорку Кеңештин, тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары кирген. (МТа)
Дагы караңыз
Рахмон Тоолуу Бадахшанда "жоочуларды" жок кылууга буйрук бергенин айтты Ош базарында айрым соодагерлер митингге чыктыСоциалдык медиага редактор керекБалбандар Темирбеков менен Жанышов Азия чемпиону болушту