Болот Темировго козголгон кылмыш иштери сотто карала баштады

Болот Темиров.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 21-июнда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштерин териштирүү башталды. Процессте айыпталуучу күнөөлүү эместигин айтты.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында анын Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган. Анда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен анын жакындарынын аты аталган. Атайын кызматтын башчысы дооматтарды четке каккан.

Темировго 20-апрелде Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Ал муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Күч органдары журналистке бут тосуу болгонун четке кагууда. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.