Казакстан: 27 адамга "Январь окуяларын уюштурган" деген айып коюлду

Январь окуяларында расмий маалыматка ылайык, 230дан ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы ушул жылдын башындагы тоз-тополоңдорду "өлкөнүн ар аймагынан 27 адам уюштурган" деп билдирди. Башкы көзөмөлдөөчү органдын өкүлү Серик Шалабаев 20-июнда "кылмыш топтордун өкүлдөрү" аралашканын, арасында кримчөйрөдө "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиев да бар экенин айтты. Шалабаев айып коюлган адамдардын аты-жөнүн толук атаган жок.

Шалабаев кылмыш топтордун Алматы шаарынын ар кайсы райондорунан 24 адамды "уурдап кетип, ур-токмокко алып, аларды эркинен тыш кармап турган" деп да күнөөлөдү. Мындай фактыларга байланыштуу 40тай адам камалып, тергеп-иликтөө уланып жатканын кошумчалады.

Башкы прокуратура Январь окуяларынан улам жалпысынан 5 миңден ашык кылмыш ишин тергеп жатат.

Быйыл жыл башында Казакстандын Маңгыстау облусунда башталган суюлтулган газдын кымбатташына нааразылык билдирген митингдер өлкөнүн бир катар аймактарына жайылып, Алматыда тополоң менен коштолгон.

Ал күндөрү казак президенти Касым-Жомарт Токаев шаарда миңдеген "террорчулар" бар экенин айтып, эскертүүсүз ок атуу буйругун берген.

Январь окуяларында расмий маалыматка ылайык, 230дан ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Бул окуядан кийин Казакстанда биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн мурдагы таасири азайган.