Өзбекстан: тойдо колуктусуна кол көтөргөн жигитке чара көрүлгөн жок

Тойдо жигиттин үйлөнүп жаткан кызды уруп жиберген учуру. Видеодон алынган скриншот.

Тойдо жигиттин үйлөнүп жаткан кызды уруп жиберген учуру. Видеодон алынган скриншот.

Өзбекстанда үйлөнүү тоюнда колуктусун чаап жиберген жигитке жубайы арыз жазбаганына байланыштуу сот чара көргөн жок. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар басылмалар жазып чыкты.

Мунун алдында тойлордун биринде тартылган видео интернетке тарап, чоң резонанс жараткан. Анда тамада үйлөнүп жаткан жаштардын ортосунда сынак өткөргөнү, анда кыз жеңип алса, болочок күйөөсү чычалап кетип аны башка катуу чаап жибергени тартылган. Жигиттин досу аны кубаттап күлүп жатса, коноктор унчукпай калганын, бирок эч ким каршылык билдирбегенин көрүүгө болот. Кийин кыз сыртка чыгарылып кеткен. Колуктусуна кол көтөргөн жигитке "бейбаштык" беренеси менен иш козголгон.

Окуя 6-июнда Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун Узун районундагы айылдардын биринде болгон. Жигит чаап жибергенине карабай, кыз анын үйүндө жашап калган.

Чуулгандуу видео ондогон эл аралык маалымат каражаттарына жарыяланган.

Бул окуяны президент Шавкат Мирзиёедин кызы Саида, өзбекстандык укук коргоочулар, журналисттер жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары да айыптап, инцидент өлкөдөгү аялдарга мамилени көрсөтөрүн белгилешкен.