Бишкекте йога күнү белгиленет

Иллюстрациялык сүрөт.

18-июнда кечки саат алтыда Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында эл аралык йога күнү белгиленет.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Сегизинчи жолу өтүп жаткан иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен калаа башчылыгы бирге уюштурган.

Йога күнүнүн алкагында Курманжан Датканын эстелигинин алдында йога сабактары уюштурулат.

Йога - дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Дене менен жан дүйнө сергектигинин этикалык маданияты болуп саналат.
2014-жылы БУУ эл аралык йога күнүн белгилөө боюнча резолюция кабыл алган.

Резолюцияны 177 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да колдоп, йога күнү белгиленип келет. (BCh)

Дагы караңыз

Экс-министр Чынара Жакыпова УКМКга сурак бердиТокаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирдиПутин Орусиянын экономикасы турукташып баратканын айттыУлуттук тамак-аштын курамы тууралуу биринчи маалымат топтому жарык көрдү